«Чоң күнөө мойнумда». Депутат Абиров мушташканы үчүн кечирим сурады

Бишкектеги ресторандардын биринде жаранды сабады делген Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров кыргызстандыктардан кечирим сурап Фейсбукка пост жазды.

Депутат ушул тапта окуяны иликтеп жаткан укук коргоо органдары менен кызматташып, керектүү маалыматты берүүгө даяр экенин белгиледи.

«Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын», — деп жазды Абиров.

Аны менен катар, жабырлануучунун үй-бүлөсүнөн дагы кечирим сурап, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

«Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сурайм жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын [...] Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн», — дейт ал.

Буга чейин, 14-мартта Бишкек шаардык милициясынан «Клоопко» депутат Абиров катышканы айтылган мушташууга шектүү катары эки киши кармалганын билдиришкен.

Анда окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин негизинде издөө иштери жүргүзүлүп, 35 жана 36 жаштагы эки киши кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган.

Ал эми Kaktus.Media басылмасы күч структурасынын кызматкерлерине таянып, алар Жогорку соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиеванын уулу Данияр Аксамаев жана буга чейин Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген, Жогорку Кеңешке шайлоодогу Абировдун расмий өкүлү Эрбол Пазылов экенин жазган болчу.

Мушташтын чоо-жайы

12-мартта, соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. Анда «Короче» телеграм каналы белгисиз адамды муштап, сабап жаткан киши эл өкүлү Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин билдирген.

Милициядан аталган факты маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, ошондой эле окуянын бардык катышуучулары аныкталганын билдиришкен. Бирок видеодогу депутат Абиров же ал эмес экени тууралуу маалымат беришкен эмес.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты аралашкан мушташ боюнча өлкө башчысы кабардар экенин, ал ишти ар тараптуу иликтөөнү тапшырганын айткан.

Ал эми видеодогу киши депутат Жаныбек Абиров же ал эмес экени тууралуу милициядан маалымат беришкен жок. «Клооп» буга чейин дагы Абировдун өзү менен байланышууга аракет кылган, бирок мындан жыйынтык чыкккан эмес.