Султанбаев: Садыр Жапаров Анкарага бизнес-жет менен учту, күйүүчү майга гана чыгым болду

Flightradar24 сервистин маалыматы боюнча, Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter авиакомпаниянын бизнес-жети менен — бортун модели Embraer Lineage 1000 — менен учкан.

«Бүгүнкү күнү бортту лизингге алуу процедурасы аягына чыга элек. Ошондуктан кыргыз тарап компаниянын кожоюну менен макулдашып, авиакеросинге гана чыгым кетирди», — деди Султанбаев.

Flightradar24 сервистин маалыматы боюнча, Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter авиакомпаниянын бизнес-жети менен — бортун модели Embraer Lineage 1000 — менен учкан.

Мындай бортто бир саат учуунун баасы 14 850 доллар турат.

Маалыматты Factcheck.kg сайтынын журналисттери президенттин рейсинин чоо-жайын изилдеп жатканда аныкташкан.

Жапаров Air X Chapterм авиакомпаниянын учагын биринчи жолу колдонгон жок. 2022-жылы февралда президент дал ушундай учак менен Кытайгабарган, ал эми 2021-жылы октябрда Шотландияга экономикалык саммитке барган.

Президенттик администрация бул эки учурда тең жеке учак менен баруу чечими, аталган өлкөлөр Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин кабыл алынганын билдирген. Мындан улам, бийлик учактардын бирин — Bombardier Challenger же Embraer Legacy’ни сатып алууга даярдык көрүп жаткан.

Temirov Live командасынын журналисттери президент Садыр Жапаров жана минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын сентябрынан тартып жеке учак жалдоого кеткен чыгымдары 573 миң еврону (53,5 млн сомду) түзгөнүн айтып чыгышкан.