Temirov Live: Жарым жылда президент менен минкаб төрагасы жеке учак жалдоого 53 млн сом сарптаган

Temirov Live командасынын журналисттери президент Садыр Жапаров жана минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдун акыркы жарым жылдагы чет өлкөлөргө учууга кеткен чыгымдарын эсептеп чыкты. Иликтөөчүлөр өлкөнүн биринчи адамдарынын 2022-жылдын сентябрынан тартып жеке учак жалдоого 573 миң евро (53,5 млн сомду) коротконун айтып жатышат.

Бийлик төбөлдөрү чет өлкөлөргө жеке бизнес-жет жалдап көп учушат. Мисалы Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров акыркы жарым жылда жеке учактар менен Катар мамлекетине, Алматы шаарына, Жапонияга жана Арменияга учушкан.

Бирок бул учууларга канча каражат кеткени белгисиз. Андан тышкары, учуулардын айрым бөлүгү акысыз болгону айтылган. Мамлекеттик «Ала-Тоо 24» телеканалы минкабдын башчысы жылдын башында Алматыга учкан Global 8 Airlines компаниясы кыргыз өкмөтүнө беш техникалык учууну камсыздап бергенин билдирген.

Президенттин администрациясынан өлкөнүн биринчи адамдарынын жеке учакта учуп жатканын №1 борт эскирип калганы жана коопсуз деп эсептелгени менен түшүндүрүшкөн. Буга байланыштуу бийлик жеке учактардын бирин — Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын лизингге алууга даярданып жатат.