Кыргызстандын атынан «Оскарга» көрсөтүлгөн «Үй сатылат» тасмасы кинотеатрларда тартууланат

Режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Үй сатылат» тасмасы 23-марттан тартып кинотеатрларда тартууланат. Аталган фильм 2022-жылы Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Фильмде жупуну жашаган, үч жаштагы кызын тарбиялап жаткан жаш үй-бүлөнүн окуясы чагылдырылат. Алар экинчи перзентин күтүп жатышкан болот. Жубайлардын жашоосу макулдашылбаган аракеттерден улам кескин өзгөрүп кетет.

Жолдошунун чакан бизнеси үй-бүлөнү туңгуюкка алып барат: чет өлкөгө жиберилген товар чек арадан жоголуп кетет. Кредитти жабуу үчүн жолдошу туугандарынан акча алып, анын ордуна жаңы төрөлгөн баласын берүүнү убадалайт. Ошол эле учурда аялы чет өлкөгө иштеп келүү үчүн, боюнан алдырат.

Тасмада Өмүрбек Нурдинов, Калипа Таштанова жана маркум актёр Азиз Мурадилаев башкы ролду жараткан. Аталган фильмдеги ролу — Мурадиллаев жараткан акыркы роль болуп калды.

Фильмдин дүйнөлүк бет ачары «Бусан» Эл аралык фестивалында өтүп, Лос-Анджелестеги Азиянын Дүйнөлүк фестивалында, Бурсадагы Түрк дүйнөсүнүн «Коркут Ата», ошондой эле Дакка, Калькутта, Мумбай Эл аралык фестивалдарына катышып келген.

Баш каармандардын бири Калипа Таштанова «Коркут Ата» фестивалында «Эң мыкты актриса» наамын алган.

Тасманын сценарийин Болсунбек Таалайбек уулу жана Таалайбек Кулмендеев жазган. Режиссёрлук жумушту Таалайбек Кулмендеев аркалап, оператору Болсунбек Таалайбек уулу болгон. Ал эми башкы сүрөтчүсү Байыш Исманов, композитору Мурзали Жеенбаев, монтаждаган жана түсүн боёгон Элдияр Мадаким, үн режиссёру Калыбек Шерниязов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Калипа Таштанова эл аралык кинофестивалда «Эң мыкты аялдын ролу» сыйлыгын алды