Маданият министрлиги «Азаттыкты» жабууга кызыктар эмес, бирок доо арызын кайтарып алган жок

17-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча Маданият министрлиги берген доо арыз боюнча соттук отурум өттү.

Отурумдун башында судья Чолпон Каримбаева адвокаттардын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, алгач 10 мүнөткө, андан соң 20 мүнөткө видео тартууга уруксат берди. Кийинчерээк отурумду толук бойдон видеого тартууга уруксат берилди.

Андан соң судья жана отурумдун катышуучулары «Настоящее время» телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» атуу видеоматериалын көрүп чыгышты. Дал ушул видео «Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшүнө жана басылманын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндөгү доо арыз берүүгө негиз болгон.

Ленин райондук сотундагы отурум, 17-март. Сүрөт: Kloop.

Бирок отурумда министрликтин маалымат жана массалык коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева Маданият министрлигинин «“Азаттыкты” жабуу максаты жок» деп билдирди.

«Биз бул [2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурундагы] маалыматтык согушту күчтүү медиа коомчулубуздун жардамы менен жеңгенибизди баарыбыз эле билебиз», — деди ал.

Маданият министрлигинин дагы бир өкүлү «Азаттыктын» өлкөдөгү сиңирген эмгегине карабай, бардык ЖМК мыйзамды сакташы керек деп белгиледи.

«Азаттыктын» адвокаттары маданият министрлиги «Настоящее времянын» материалында улут аралык кастыкты козутуу же согушка үгүттөөнүн белгилери бар экени боюнча далил келтирбегени үчүн соттон доо арызды четке кагууну өтүнүштү.

Ал эми Маданият министрлигинин өкүлдөрү сотко телеканалдын сюжетине улут аралык кастыкты козутуу жана согушка үгүттөө боюнча лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен кайрылышты.

«Азаттыктын» жактоочулары министрлик мурда аларга экспертиза дайындоого кызыктар экенин кабарлабаганын айтып, бул сунуш менен таанышып чыгуулары керектигин белгилешти. Натыйжада судья процессти 24-мартка жылдырды.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган. Буга аталган медиада сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалында «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат колдонулган» деп билдиришкен.

Кийин ведомстводон алар анык эмес деп эсептеп жаткан материал өчүрүлмөйүн басылманын сайты бөгөттөөлүү бойдон кала берерин айтышкан.

Андан кийин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Ал эми 2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арыз берүүгө талаштуу материалдын өчүрүлбөгөнү себеп болгону көрсөтүлгөн.

Флай буга алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» айтып жооп узаткан.