Чүйдүн тургуну 12 жаштагы баласын «катуу сабоого» шектелип кармалды

Чүй облусуна караштуу Москва районунун тургуну 12 жаштагы баласын катуу сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 19-мартта «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта райондук милицияга Москва районунун тургуну 12 жаштагы баласын «катуу» сабаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя райондук милициянын электрондук журналына катталып, «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө баланын денесинде жаңы жана эски көгала тактар бар экени белгилүү болгон. Шектүү караты жабырлануучунун 34 жаштагы атасы кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934

Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288

Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212

Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.