Министр саламаттык сактоо тармагын накталай эмес төлөм жүгүртүүгө өткөрүүнү тапшырды

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова үч айдын ичинде аталган тармакта накталай төлөм жүгүртүүнү жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баатырованын айтымында, накталай эмес төлөм жүгүртүүгө өтүү коррупция менен күрөшүүгө жардам берет.

«Министр өзгөчө бейтаптарды ташуудагы коррупциялык жагдайларды, негизсиз анализ дайындоого басым жасап, медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Баатырова дарыгерлердин медициналык кызмат көрсөткөнү үчүн тургундардан акча талап кылганы боюнча даттануулар дайыма түшүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин, 16-мартта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев коррупцияга жана башка бир нече мыйзамсыз иштерге шектелип кармалган.

Маанаевдин медицина кызматкерлеринен акча талап кылуусу боюнча 20дан ашык фактысы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү мамлекеттик сатып алуулардан бюджетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Улуттук госпиталдын башкы дарыгерин коррупцияга шектеп кармады