Жалал-Абад: УКМК кызматкерлери көмүскө иштеп келген кумарканаларды табышты

УКМКнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда көмүскө иштеп келген кумарканаларды табышты. Маалыматка ылайык, казинону жаап-жашырууга укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектелүүдө.

Көмүскө иштеген казинолор «Мыйзамсыз ишкердик» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 17-мартта Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда табылды.

«Бул жайлардын ар биринин бир айлык акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылды», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Казино компьютердик клуб катары иштеп келген. Оюн автоматы катары колдонулуп, тиешелүү программалык камсыздоо орнотулган жалпысынан 40ка чукул компьютер алынды.

Ошондой эле 30га чукул кардар кармалып, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды. Облустун айрым укук коргоо кызматкерлери көмүскө иштеген мекемелерди жаап-жашырууга тиешеси бар деп шектелүүдө», — деп кошумчалашты УКМКдан.

Кыргызстандагы казино

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы бөгөт коюлган. 2015-жылы тотализатор жана букмекерлерге тыюу салынган. Бирок андан бери көмүскө иштеген кумарканалардын бети ачылып турган.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген. Аны минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров да колдогон.

Парламент депутаттары казино жөнүндөгү мыйзамды бешинчи аракеттен кийин гана кабыл алган. Мыйзам долбоорунда Кыргызстандын жарандары, аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек чет өлкөлүктөр кумаркананын кардары боло албайт деп жазылган.