Активист Айжан Мырсалиева улуттар аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп табылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-мартта активист Айжан Мырсалиеваны 100 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сотто Мырсалиева ачык же интернет аркылуу расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп табылганын айтышты.

Активисттин адвокаты Акмат Алагушев «Апрель» басылмасына райондук соттун чечимине каршы даттана турганын билдирди.

Мырсалиевага каршы кылмыш иши 2022-жылы июлдун ортосунда козголгон.

Милициянын версиясы боюнча, активист ТикТоктогу тараган видеодо айткан сөздөрүндө кастыкты козутуу камтылган. Ошондой эле видео соцтармактарда чоң талкуу жараткан жана чыр-чатака алып келүүсү мүмкүн болчу.

Ал эми Мырсалиева белгисиз адамдар түз эфирдеги видеодон кыска бир мүнөттүк видео кесип алып, монтаждап Тик-Ток менен Инстаграмга жарыялашкан деп айткан. Ал жерде улуттар аралык кастыкты козутпаганын, ага карата иш козголгонун «буйрутма» деп атаган.