Баткенге жардам. Жапония Кыргызстанга 1 миллион доллар грант бөлөт

28-октябрда Жапониянын өкмөтү Кыргызстанга 1 миллион АКШ доллар гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандагы жапон элчилигине таянып улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

Элчиликтен жардам кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен өлкөдөгү гуманитардык абалдын начарлап кетишине байланыштуу берилгенин белгилешти.

«Бул жардам аркылуу Жапония өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын жардамы менен азык-түлүк, турак-жай жана азык-түлүккө кирбеген товарлар, коргоо сыяктуу багытта гуманитардык жардам көрсөтөт», — деп айтылат маалыматты.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

Тема боюнча:

Баткен: Ишкерлерге 217 млн сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилди

Финансы министрлиги: Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 млн сом которулду