Орто-Токой ГЭСин кытайлык компания курат

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Сыдыков 24-мартта China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен Орто-Токой гидроэлектрстанциясын куруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүрөт: Кыргызстандын Энергетика министрлиги

«Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден Орто-Токой суу сактагычы суунун агымын сезонго жараша жөнгө салып турууга ылайыкталып курулган Кыргызстандагы алгачкы суу сактагыч, Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонуларын билдиришти. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлиги Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid венгриялык компаниясы менен Кыргызстандагы кичи гидроэлектрстанцияларды долбоорлоо маселеси боюнча келишимге кол койгон. Анда өкмөт башчы Акылбек Жапаров Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири деген.