Өзбек парламенти үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну колдоду

Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары 23-мартта үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун колдошту. Бул тууралуу парламенттин сайтында айтылат.

«Заманбап эл аралык нормалардан улам жана аялдар менен балдардын укуктарын коргоо боюнча чет элдик тажрыйбага таянып, дене боюна келтирген зомбулук менен катар эле, экономикалык жана психикалык зомбулук үчүн да административдик жана кылмыш жоопкерчилиги белгиленген», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле кезде айыпталуучуну кандай жаза күтөөрү айтылган эмес.

Депутаттар мындай чара аялдарга жана балдарга карата ыдык көрсөтүү жана зордук-зомбулукту алдын алат деп эсептешет.

Ушул эле мыйзам долбоорунда адамдын жеке жашоосу тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган жана анын ар-намысын, кадыр-баркын кемсинтүүгө, ошондой эле сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошондой эле, документте жашы 18 жашка жете элек кыздарды зордуктоого жаза күчөтүлгөнү айтылат.

Күчөтүлгөн жаза ошондой эле төмөнкү тараптарга да тиешелүү болот:

  • сексуалдык муктаждыгын табигый эмес жол менен кандыруу үчүн зомбулукту колдонгондо;
  • жыныстык катнашка мажбурлоого;
  • сойкулук менен алектенгендерге;
  • жашы жете электердин сүрөттөрүн колдонуп порнография жасагандарга.

Аталган кылмыштарга айыпталгандарга жазаны жеңилдетүүгө, анын ичинде шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга тыюу салынат.