Токтогул: 13 жашар кызды жыныстык катнашка азгырууга айыпталган киши 8 жылга соттолду

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 13 жашар кыз менен жыныстык катнашка барууга айыпталган 26 жаштагы киши 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Райондук сот айыпталуучуну «Он алты жашка толо элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Айыпталуучу кызга моралдык жана материалдык чыгым келтиргени үчүн 184 миңден ашык сомго айыпка жыгылды.

Жабырлануучунун адвокаты Равшан Абдуллаев айыпталуучу кылмыш жасаганын мойнуна албаганын, ошол себептен сот аны 10 жылга эмес, 8 жылга эркинен ажыратканын билдирди.

Укук коргоо уюмунун маалыматында соттолуучу өткөн жылдын май-июнь айларында өспүрүм менен үч жолу жыныстык катнашка барганы айтылат.

«Ал июль айынын ортосунда кызды белгисиз жакка алып кеткен. Кыздын жакындары милицияга кайрылып, төрт күндөн кийин алар Бишкекте экени белгилүү болгон. Тергөө учурунда шектүү кыздын 13 жашта экенин билбегенин айткан. Кийинчерээк бул жөн гана кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети экени белгилүү болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт. Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;

Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;

Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;

Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.