Бишкек: Адвокат 6 жашар кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши козголбой жатканын билдирди

Адвокат Индира Саутова Бишкек шаардык милициясы алты жашар кызды зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып жатканын билдирди.

Саутова тергөө кыз акыл эси аздыгынан улам баарын оюнан чыгарып койгон деп көшөрүп жатканын айтууда.

«Кыздын акыл эси аз болгон күндө дагы, биз юрист, эксперт катары бул жеңилдетүүчү фактор же кыз калп айтканына далил эместигин түшүнүп турабыз да. Тескерисинче, бул тергөө үчүн бала ушундай абалында зордукка кабылган деген оорлотуучу фактор болуп саналат» — дейт юрист.

Ал милиционерлер шектүүнү кармаганын, бирок ал «андай кылбаганын» айткан соң дароо кое берип салышканын билдирди. Саутова тергөөчүлөр үчүн бул иштин «перспективасы» жок деп болгоду, себеби, анын айтымынла, арадан бир жыл өтүп кеткен жана тергөөчүлөр кыз баарын оюнан чыгарып койгон деп айтууда.

Адвокат кылмыш иши козголбой жатканы байланыштуу даттанарын билдирди. Ал зордук-зомбулукка кабылган балдардын ата-энелери ишке коомдук резонанс бериш үчүн ЖМКга кайрылганга аргасыз экенин айтат.

«Тилеке каршы, органдар иш коомчулука тарап, коом чуу түшө баштаганда араң кыймылдап башташат. Мен Башкы прокуратура, шаардык жана райондук прокуратура сыяктуу тиешелүү органдарга тергөөдө чоң кемчиликтер бар деп кайрылат элем. Ал киши азыр эркиндикте. Ал жазасыз каларына ишенет. Кыздын энесине болсо тааныш-билиши бар, эч нерсе кыла албайсынар дептир. Ушундай ишке барып, жоопкерчиликтен кутулупк еткен киши эртең башка балдарга ошондой эле кыларына эч кепилдик жок да», — дейт Саутова.

Ал эми Бишкектин Ленин РИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында экспертиза дайындалганын билдиришти.

«Комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоо маселеси чечилип жатат, анын жыйынтыгын кошумча айтабыз», — дешти милициядан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт.

Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.