Комбанктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 1 млрд сомго чейин жогорулатылды

Улуттук банктын башкармалыгы 15-мартта «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу 24-мартта банктын басма сөз кызматы билдирди.

Эми жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 1 млрд сомдон кем эмес сумманы түзөт. Буга чейин ал 600 млн сом болчу.

Учурда иштеп жаткан коммерциялык банктар 2023-жылдын 1-апрелинен тартып уставдык капиталын 600 млн сомго чейин, ал эми 2026-жылдын 1-июлунан тартып 1 млрд сомго чейин көтөрүшү керек.

Ошол эле учурда, «иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар» үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2 млрд сом өлчөмүндө белгиленет. Банктар аталган капиталды 2023-жылдын 1-июлуна чейин түзүшү керек.

Мурдараак Башкы банк запаста капиталдын жетиштүү болуусу банктардын чыгымдарды жабуу жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этерин билдирген. Андан тышкары, Улуттук банк банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталын жогорулатуу ата мекендик банктардын ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстерде атаандаштыгын жогорулатууга дагы өбөлгө болорун белгилеген.