Сузак: 43 жаштагы киши 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 43 жаштагы киши 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 28-мартта «Клоопко» Сузак райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2022-жылдын сентябрь айынын аягында болгон. Аталган факт Сузак РИИБге «Зордуктоо» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми окуяга шектүү киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылы 22-мартта, Бишкекте 13 жашар кыз зордукталып, өткөн жылы сентябрда төрөгөнү белгилүү болгон. Ал эми кызды зордуктоого шектелген адам эркиндикте жүргөнүнө эки жылдан ашканы маалымдалган.

Милиция шектүү ага тагылган айыпты четке какканын, ал эми анын аталыгын аныктай турган медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, 17-марта шектүү кармалып, тергөө аяктаганча ТИЗОго киргизилгенин билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте 13 жашар кызды зордуктоого шектелген киши камакка алынды