Бишкекте 13 жашар кызды зордуктоого шектелген киши камакка алынды

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши ТИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин омбудсмен Атыр Абдрахматова кызды зордуктоого шектелген адам эркиндикте жүргөнүнө эки жылдан ашты деп билдирген. Ал эми 2022-жылы сентябрда жабырлануучу кыз кылмышка шектүүдөн төрөгөнү белгилүү болгон.

Милициянын маалыматы боюнча «К.А» аттуу шектүү ага тагылган айыпты четке кагууда. Ошондой эле укук коргоо органдары учурда кармалган адам менен жаңы төрөлгөн баланын байланышын аныктай турган экспертизалардын корутундулары даяр эместигин айтышты.

«Аталыкты бала төрөлгөндөн кийин бир жыл өткөндөн кийин гана аныктоого мүмкүн. 2023-жылы 10-февралда ата менен баланын ортосундагы байланышты аныкташ үчүн дагы бир соттук-биологиялык экспертиза дайындалган, бирок анын корутундусу даяр боло элек», — деп жазылат билдирүүдө.

Медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, 17-марта шектүү кармалган. Ал эми сот аны тергөө аяктаганча ТИЗОго киргизди.

2021-жылы ноябрда милицияга кыздын чоң атасы кайрылып, небересинин зордукталганын айтып берген. Анын сөзүндө, 2021-жылы небереси ичи ооруп жатканына даттанган. Чоң атасы кызды Бишкектеги балдар ооруканасына алып барган — УЗИден кыздын кош бойлуу экени аныкталган.

Жабырлануучунун чоң атасы небереси суракта TikTok-блогер менен таанышып, ал аны 2021-жылдын күзүндө биргелешип видео тартуу үчүн Бишкекке чакырганын айтып берген. Ал эми адвокат Нурлан Токталиев блогер өспүрүмдү боюна бүтүп калганга чейин зордуктап жүргөнүн айткан. Юристтин айтымында, блогер секелекти биринчи жолу «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында зордуктаган, зордугун андан кийин дагы коркутуп-үркүтүп уланткан.

Кыздын чоң атасы шектүүнүн күнөөсүн далилдеш үчүн Казакстанга барып 600 доллар турган ДНК-тестин тапшыруу керектигин, бирок ага үй-бүлөнүн акчасы жоктугун билдирген. 2022-жылы апрелде жабырлануучу кыз уул төрөгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Бишкек шаарында балдарга жардам берүү борбору иштейт.

Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана+996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;

Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;

Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;

Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;