Акыйкатчы: 13 жашар кызды зордуктоого шектелген киши эркиндикте жүргөнүнө эки жылдан ашты

13 жашар кызды зордуктоого шектелген адам эркиндикте жүргөнүнө эки жылдан ашты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасынан ишти алып барып жаткан райондук ИИБдин тергөөчүсүнүн аракетине баа берүүнү талап кылды.

«Буга чейин Акыйкатчы институна кыздын чоң атасы — Аламүдүн районунун жашоочусу кайрылган. Арыз берүүчү билдиргендей, 2021-жылы августта Алтынбек аттуу жигит TikTok социалдык тармагына видео тартабыз деп небересин алдап, Башкы прокуратуранын мурдагы имаратына ээрчитип барган жана бир нече ирет зордуктаган, анын натыйжасында кыз кош бойлуу болуп, 2022-жылы эркек балалуу болгон», — деп айтылат маалыматта.

Кыздын чоң атасы борбор калаанын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз берип, анын негизинде «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бирок Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, тергөөчү 2022-жылы баланын атасын аныктоо үчүн ДНК экспертизасын өткөрүү зарыялдыгын жүйө кылып иштин кароону убактылуу токтоткон. Ошол эле маалда ДНК тест бала бир жашка толо турган убакка дайындалган.

«Буга карабай тергөөчү негизсиз эле 600 долларга бааланган ДНК тестти Казакстандан өткөрүүнү талап кылган. Белгилей кетсек, баланын атасы ким экенин ал тургай эрте кош бойлуулук маалында дагы аныктай турган заманбап ыкмалар бар», — деп кошумчалашты Акыйкатчы институтунан.

Жабырлануучунун чоң атасы Болот Манясов 2022-жылдын сентябрында бийликтен калыс тергөө жүргүзүп берүүнү суранып кайрылган. Анын айтымында, небереси суракта TikTok-блогер менен таанышып, ал аны 2021-жылдын күзүндө биргелешип видео тартуу үчүн Бишкекке чакырган.

Ал эми кыздын укугун коргоп жаткан юрист Нурлан Токталиев ошондогу маалымат жыйында блогер өспүрүмдү боюна бүтүп калганга чейин зордуктап жүргөнүн айтып берген. Юристтин айтымында, блогер секелекти биринчи жолу «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында зордуктаган, зордугун андан кийин дагы коркутуп-үркүтүп уланткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Зордуктоодон улам 13 жашар кыз төрөдү, шектүү дагы деле эркиндикте