Алты жашар кызды зордуктоо иши: Милиция кылмыш ишин козгоду, бирок шектүү дагы деле эркиндикте

Бишкектин Ленин РИИБи алты жашар кыздын өгөй атасынын ыплас аракеттерине кабылганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул факты боюнча А.А. атту жарандын арызынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат», — деп билдиришти милициядан.

Анткен менен шектүү дагы деле эркиндикте.

Адвокат Индира Саутова «Клоопко» жабыркаган кыз 2021-жылдын декабрында зордукталганын билдирди. Анын айтымында, милиция зордуктоо беренеси менен эмес, ыпылас аракеттер беренеси менен кылмыш ишин козгоду, буга жабырлануучунун кыздык белгиси бузулбаган деген медициналык экспертизанын корутундусу себеп болгон. Саутова экспертизанын корутундусу күмөн жаратарын билдирди.

«Бирок жок дегенде иш козгошту», — дейт жактоочу.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ыплас аракеттер боюнча беренесинде эң эле көп дегенде 10 жылдык жаза мөөнөтү каралган, ал эми зордуктоо беренеси боюнча 15 жылдан баштап өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жеткен жаза каралган.

Мурдараак Саутова милиция алты жашар кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдирген болчу. Анын айтымында, тергөө кыз акыл эси аздыгынан улам баарын оюнан чыгарып койгон деп туруп алган. Саутова кыздын акыл эси аз болгону кыз калп айтканына далил эместигин, тескерисинче, бул тергөө үчүн бала ушундай абалында зордукка кабылган деген оорлотуучу фактор болуп саналарын айтат.

Ошондой эле ал милиционерлер шектүүнү кармаганын, бирок ал «андай кылбаганын» айткан соң дароо коё берилгенин билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.