«Сорос — Кыргызстан» фондунун мурдагы директору билим берүү министринин кеңешчиси болду

Шамиль Ибрагимов

«Сорос — Кыргызстан» фондунун мурдагы директору Шамиль Ибрагимов билим берүү министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 29-мартта белгилүү болду.

Ибрагимов 2023-жылдын башында «Сорос — Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору кызматынан кеткен. Ал аталган фондуу 2012-жылдан бери жетектеп келген.

Март айында билим берүү министри болуп Каныбек Иманалиев дайындалган. Ал Уланбек Мамбетакуновдун ордуна келген. Мамбетакунов министрлик кызматка 2022-жылдын октябрында келген болчу. Ал эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖК билим берүү министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды