ЖК билим берүү министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевди дайындоо чечими колдоо тапты. Ал 24-февралдан тартып билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан.

Иманалиевди дайындоо үчүн 77 депутат добуш берди. Депутаттар добуш берердин алдында бир нече саат Иманалиевге берген суроолоруна жоопторун угуп отурушту.

Каныбек Иманалиев бул кызматка Уланбек Мамбетакуновдун ордуна келди. Мамбетакунов министрлик кызматка 2022-жылдын октябрында келген болчу. Ал эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз. Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын биринин суроолоруна жооп берип жатып, министрликтин башчысы эмне себептен алмашып жатканы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, президенттин кадрларды алмаштырууга укугу бар экенин белгиледи.

Мамбетакунов өзү Фейсбуктагы барагында кандай болгон күнү да билим берүү системасында каларын жазып, ага ишеним көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирген.

Каныбек Иманалиев — публицист, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышында депутат болгон. Ошондой эле ал бир нече жолу жөө жүрүштөргө, тынчтык митингдерине катышкан. Мисалы, 2020-жылы Конституцияны өзгөртүүгө каршы марштарга чыккан.