Ош: «Астра Плюс» курулуш компаниясына өз билемдик менен курулуш жүргүзгөнү үчүн иш козголду

Ош шаары

Ош шаарында иш кагаздары жок, өз билемдик менен курулуш ишин жүргүзгөн делип «Астра Плюс» курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 31-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык прокуратура «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө «Астра Плюс» ЖЧКсы курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жатканы аныкталган.

Бул факты боюнча «Өзүм билемдик» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Андан сырткары 31-мартта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна корутундуларды мыйзамсыз берип жибергени үчүн иш козголгон.

Ош шаардык архитектура башкармалыгынын акыркы маалыматына ылайык, Ош шаарында жалпы 14 мыйзамсыз курулуш бар экени аныкталган. Аларга эч кандай уруксат кагазы берилген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Прокуратура Токтогул паркындагы «Изюм» конок үйү мыйзамсыз курулганын аныктады

Алмамбет Салиев эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен бошотулду