Ош: Прокуратура Токтогул паркындагы «Изюм» конок үйү мыйзамсыз курулганын аныктады

Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев муниципалдык менчиктеги Токтогул эс алуу багына үч кабатуу «ИЗЮМ» конок үйүн мыйзамсыз куруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери «жеке пайда табуу максатын көздөп, сейил бактын ичиндеги курулуш мыйзамсыз экенин билип туруп», конок үйүн пайдаланууга уруксат беришкен.

Прокуратурадан мындан улам, «ИЗЮМ» конок үйүнүн ээсине жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун белгилешти. Учурда тергөө иштери уланууда.

«Токтогул» сейил багы Ош шаарынын муниципалдык менчигине кирет. Мындан сырткары, парктарда капиталдык курулуш жана турак-үй салууга Жер кодексинин 78-беренеси менен тыюу салынган.

«ИЗЮМ» конок үйү

«ИЗЮМ» ресто-бары Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаевге таандык. Аталган конок үйү Ош шаардык кеңешинин депутаттарына «чай» уюштуруп бергени менен белгилүү.

Оштун мэри Алмаз Мамбетов депутаттарды өткөн жылы 26-августта сыйлаган. Анткен менен депутаттардын көпчүлүгү «чайды» мэр уюштурганын моюндаган эмес. Алар ар кандай шылтоолорду айтып, журналисттердин суроолорунан буйташкан.

Исаев «ИЗЮМдун» жетекчиси катары 2019-жылы мэриядан ардак грамота алган. Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты, ишкер Марс Исаев 6-сенятбрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Исаев деген ким?

Исаев эмгек жолун 2006-жылы президенттин иш башкармалыгында иштеп баштаган. Ал 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы, ошол эле учурда «Нур Телеком (О!)» ЖЧКсында башкы директордун орун басары болуп иштеген.

Исаев 2011-жылы кайрадан депутаттын жардамчысы болуп, 2012-жылы Каржы министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башкы адиси кызматына дайындалган. Анткен менен ал депутатка жардамчы бойдон калган.

2018-жылы Исаев КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешке депутат болуп келген. Ал эми 2020-жылы шаардык кеңешке шайлоодо ал «бийликчил» «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Ошол эле учурда Марс Исаев ишкер катары да таанымал. Анын атына «Johnny PUB» (Джонни ПАБ) ЖЧКсы катталган. Мындан сырткары ал «Дорога бойцовского чемпионата РФЧ-ММА» федерациясы жана «“Арт Таймаш” маданиятты жана спортту колдоо» фондуну жетектейт.

Исаев вице-мэрлик кызматка келгенге чейин «РосАгроМаркет-КГ» ЖЧКсын жетектеген, бирок 2021-жылдын 17-августунда компаниянын директору алмашкан.

Мындан сырткары, Исаев мурда «Имар Строй» ЖЧКсына ээлик кылып келген, бирок үстүбуздөгү жылдын июнь айында курулуш компания Эрнис Садыковдун атына өткөн.

Тема боюнча:

«ИЗЮМдун» ээси Марс Исаев Оштун биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Коомдук парк бай бизнесмендердин шаарчасына кантип айланып калды?