Башпрокуратура «Кадастрдын» Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жетекчисин коррупцияга шектеп кармады

Кылмышка шектүү Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратурадан «Кадастр» мамлекетик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы, жер мунапысы боюнча коммиссиянын мүчөсү коррупцияга шектелип кармалганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекетке тиешелүү 66,8 гектар айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери жер мунапысына киргизилип, калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которулганы боюнча иш козголгон болчу.

Аталган чечим Аламүдүн райондук администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссия тарабынан кабыл алынган. Ал эми 30-мартта ушул иштин алкагында Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы да кармалган.

Ушул тапта кылмыш ишине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми 9-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин эки кызматкерине кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо айыбы тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар менен бирге уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жер мафиясы». «Кадастрдын» кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Сузак: Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Бишкекте жерлерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган жарандардын митинги өттү