Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өттү

Бишкекте 3-апрелде калаа милициясынын алдында Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өттү.

Сүрөт: «Клооп»

Чогулгандар митингге Ногойбаевдин зомблуктан жабыркаган кыздар жөнүндө айткан сөзүнөн улам чыгышты.

Ногойбаев 31-мартта жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын билдирген. Ал мындай оюн зордуктоого кабылгандан беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берип жатып айткан.

Митингге чогулгандар «Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнаш — зордуктоо деп аталат», «Ногойбаев отстакага кетсин» жана «Калаага абийирдүү милиционер» керек деп жазылган плакаттарды алып чыгышкан.

Митинг аяктап калганда сыртка милиция кызматкерлери чыгып, Ногойбаев митингчилерди жыйындар залына чакырганын билдиришти. Бирок чогулгандар «Ногойбаев өзү чыксын, кабинетине отуруп алып жарандарына чыккандан коркуп жатат, коркок» дешип, жолугушууга кирүүдөн баш тартышкан.

Бирок көп өтпөй эле Ногойбаев менен жолугушуу болгону белгилүү болду. Митингге катышкан укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Ногойбаев ката кетиргенин мойнуна алганын билдирди.

«Ал [Азамат Ногойбаев] [кыздар] “өздөрү” деп айтып жаңылганын билдирип, кечирим сурады. Жеке жолугушууну сунуштады. [...] Жалпылап кечирим сурады, андан соң мен ага «[муну менен кылмышкерлерге] “жол ачып бергениңизди, биз жетекчиликке алып жүргөн “зыян тийгизбе” деген принципти бузганыңызды түшүнүп турасызбы" десем [...] айтканыма макул болуп, ката кетиргенин мойнуна алды», — деди Абдирасулова.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон.

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.

Тема боюнча окуңуз: Өспүрүмдөрдүн зордуктоого кабылышы тууралуу Бишкек ШИИБдин башчысынын билдирүүсү териштириле баштады