Бир цитата менен: Президент шайлоого кийлигишпөөнү убада кылды

Президент Садыр Жапаров бийлик «таза эмес» шалоолоорго жол бербесин билдирди, себеби, анын пикиринде, мурдагы шайлоолор үч жолу төңкөрүшкө алып келген. Бул тууралуу өлкө башчысы «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди. Президент бул убадасын Бишкектин Ленин бир мандаттуу округунда 28-майга дайындалган шайлоого комментарий берип жатып айтты.

Жапаров бир да талапкерди кабыл албасын, бирок баары каттоодон өткөндөн кийин Боршайком менен бирге алардын баарын чогултуп, чогулуш өткөрөйүн деген планы бар экенин белгиледи.


«Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз», — деди ал.


Президент буга чейин парламенттик шайлоого да кийлигишпегенин, бир округдун шайлоосуна да кийлигишпей турганын айтты.

Жапаров мындан ары шайлоого кийлигишүүгө жол да, негиз да берилбесин, «элдин добушун сатып алам деген бай талапкерлер андай ойлорунан азыртан кайтыш керектигин» айтып сөзүн жыйынтыктады.

Ленин округу боюнча буга чейин ушул эле округдан шайланган депутат Жаныбек Абиров 27-мартта мандатынан ыктыярдуу түрдө баш тарткандыктан кайра шайлоо дайындоого туура келген. БШКнын анын арызын ошол эле күнү кабыл алган.

Абиров мушташ чуусунан кийин мандатынан баш тартууга аргасыз болгон. Ал Жогорку Кеңештин комиссиясы аны мушташка катышкандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу же тартпоо боюнча чечимин чыгарганга чейин эле мандатынан баш тарткан. Абиров окуяны анализдеп чыккандан кийин ушундай чечим кабыл алганын жазган.