Журналистти коркуткан мурдагы милиционерге кылмыш иши козголду

Дисклеймер: Кызыкчылык кагылышы болбошу үчүн материалдын каарманы Александра Ли «Клооп» менен кызматташкан адам экенин эске салабыз.

Бишкектин Октябрь РИИБи журналист Александра Лини коркуткан милициянын мурдагы подполковнигине кылмыш ишин козгоду. Мурдараак журналист кошунасы милициянын мурдагы кызматкери экенин, ал аны улутуна каратып кемсинтип коркутканын айтып берген.

Милициянын маалыматына ылайык, Александра Линин арызы менен укук коргоо орган кызматкерлери тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындашкан. Экспертизанын корутундусу боюнча Октябрь РИИБи «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Журналист «Клоопко» милиция кылмыш ишин кошунасына 2023-жылдын 23-февралында айткан кемсинтүүсү жана коркутуусу боюнча козгогонун айтып берди. Линин айтымында, кошунасы аны коркутуп эле тыйылып калган эмес. 30-мартта ал аялы менен журналистке жана анын күйөөсүнө кол салышкан. Алар журналисттин бети колун тытып, эки телефонун тартып алышкан. Журналист бул иш боюнча да милицияга арыз таштаганын кошумчалады.

«Биз 31-мартта медициналык экспертизадан өттүк. Кошунамдын аялы менин бети-колумду тытып, эки телефонумду тартып алды, анын бирине мен болуп жаткан окуяларды тартып жүргөм. Алар телефонду ичиндегинин баарын тазалап туруп, бир нече саттан кийин милицияга алып барып беришиптир», — дейт Александра Ли «Клоопко».

Бул окуя боюнча анын кошуналары дагы милицияга арыз жазып, кол салууга Александра Лини айыпташкан.

Ли ушул эле кошунасы мындан бир жыл мурда дагы аны кемсинтип, ага түкүрүп, унаасын өрттөп саларын айтып коркутканын билдирген. Ли ошол учурда милиция ишти «бат эле ым-жым кылып» койгонун белгилеген.

Жабырлануучунун кошунасы өзү «Клоопко» милиционерлердин көзүнчө Александра Линин телефонун тартып албаганын айтты. Ал бул чыр-чатактын баары Александра Ли анын унаасын чийип кетип, аны төлөп бербей жаткандыктан башталганын билдирди. Бирок ал анын унаасын тек гана Алексадра Ли чийип кеткенин ырастаган бир дагы далил көрсөткөн жок.