ИИМ: Сый акы убада кылынганына карабастан жарандар коррупция тууралуу милицияга билдирген эмес

2021-жылдын соңунда бийлик милицияга коррупция фактысы тууралуу кабарлагандарга сый акы төлөнүп берилет деп убада кылган. Регламент боюнча, эгер кылмыш тууралуу маалымат тастыкталып, сот анын негизинде чечим чыгарса, бул тууралуу кабарлаган адам 1 млн сомго чейинки сый акы алмак. Бирок ИИМден «Клоопко» билдиришкендей, бүгүнкү күнгө чейин жарандардан бир дагы билдирүү келип түшкөн жок.

«Коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу кабарлаган адамдын арызы, ошондой эле сый акы төлөө жөнүндөгү материалдар ИИМдин комиссиясынын кароосуна келип түшкөн жок», — деп айтылат ИИМдин «Клооптун» расмий жөнөткөн суроосуна берген жообунда.

ИИМ коррупция тууралуу кабарлагандарга сый акы берүү маселесин караган Комиссиянын иштөө регламентин 2021-жылдын 30-декабрында эле бекиткен.

Минкабдын 2021-жылдын ноябрында жарыялаган документине ылайык, коррупция тууралуу билдирген жаран мамлекетке кайтарылган суммадан 10%ына барабар, бирок 1 млн сомдон ашпаган каражат ала алат. Сый акы маалымат тастыкталып, сот кылмышкерге карата даттанууга болбогон чечим чыгарган учурда гана берилери айтылган.

Коррупция фактысы тууралуу өз арызыңызды калтыруу үчүн ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен +996999917397 номуру аркылуу байланышсаңыз болот же secretariat@mvd.kg, pressa@mvd.kg электрондук дарегине кат жазсаңыз болот. Ошондой эле +996556102502 номурине WhatsApp жана Telegram мессенжерлерине да жаза аласыз.

Коррупция менен күрөш жана «кустуруу»

Коррупция тууралуу билдиргендерге сый акы берүү убадасы — бул президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин «кустурууну» баштагандан берки антикоррупциялык саясатынын бир гана бөлүгү. Ага ылайык, УКМК коррупциялык иштер боюнча аткаминерлерди кармап, алардын мамлекетке келтирген зыянды баалайт. Эгер атайын кызмат койгон сумманы коррупционер төлөсө анд ал эркиндикке чыгат.

«Коррупция» беренеси боюнча «кустурууга» туш болгон биришчи иш — бул бажыдагы коррупция болду. Анда Бажы кызматынын экс-төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сом өлчөмдөгү чыгымды кайтарган, андан соң сот аны кинөөлүү деп таап дагы 260 миң сом айып салып, үй камагына чыгарган.

Мыйзамсыз баюуга айыпталгандан кийин мамлекеттин эсебине парламенттин «Биримдик» партиясынын мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом которгон. Мунун арты менен ал бир дагы күн камакта отурган эмес.

Коррупционерлерден алынган каражат алгач укук коргоо жана көзөмөл органдарынын эсептерине түшүп, андан соң Каржы министрлигинин эсебине которулат. Министрликтен мындай жол менен үч жыл ичинде бюджетке 8 млрд сомго жакын каражат келип түштү деп билдиришкен. Бирок бийлик «кустуруудан» түшкөн акча кайда сарпталганы боюнча бир дагы жолу отчётторду жарыялаган жок.