Токтогулда тургундун үйүнөн 25 килограмм баңгизат табылды

Токтогул районунун 41 жаштагы тургунунун үйүнөн текшерүү учурунда 25 килограмм марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМ 5-апрель күнү кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн сарайында «өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү кара-курай чөбү» кургатылган абалда табылган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун саттуу максатында даярдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы жана жергиликтүү милиция кызматкерлери менен биргеликте кылмыштын дагы мүмкүн болуучу катышуучуларын издөөдө.

Буга чейин, 3-апрель күнү Ысык-Көл облусунун тургуну 20 килограмм баңгизатын сатуу максатында үйүндө сактоо кылмышына шектелип кармалган. 20 килограмм баңгизаттын 8 килограммын марихуана,12 килограммын гашиш түзгөн. Азыркы учурда шектүү Каракол шаарынын тергөө изоляторунда кармалууда.

Автор: Бурулсун Жумалиева