ИИМ жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун алып салып, ишти дароо сотко жөнөтүүнү сунуштады

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун алып салууну сунуштады. Мыйзам долбоорун министрлик 4-апрелде коомдук талкууга койду.

Долбоорго ылайык, эгер жол эрежесин бузгандар айып пулду өз ыктыяры менен убагында төлөбөсө, анда аны мажбурлап өндүрүү үчүн иш сотко жиберилет. Демилгечилер муну менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары азаят деп эсептешет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2019-жылдын 4-мартынан 2023-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 3 миллион 708 миң 293 токтом чыгарылган. Бул айып пулдардын ичинен 7,1%ы гана туум менен төлөнгөн.

ИИМ айып пулдарды өндүрүүгө көп каражат жумшалып жатканын белгилейт — бир жылда 118,4 млн сомдой акча жумшалат. Бул акчалар почта кызматына, конверт, А4 кагаздарына, краска жана сот аткаруучулардын чыгымдарына кетет.

Кыргызстанда 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирди, ага ылайык айып пулдар кыйла көбөйтүлүп, айдоочуларды укугунан ажыратуу талаптары күчөтүлдү.