Кара-Сууда 5-6 жашар кыздарга ыплас аракеттерди жасоого шектелип 44 жаштагы киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 жана 6 жашар кыздарга ыплас аракеттерди жасоого шектелип 44 жаштагы киши кармалды. Райондук сот аны 2 айга камакка алды. Бул тууралуу 6-апрелде «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-апрелде Кара-Суу РИИБге жергиликтүү тургун кайрылган. Анда Кара-Суу шаарынын тургуну 6 жашар кызды үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап, автоунаасынан алып түшкөнүн айткан.

Териштирүүдө 29-март күнү 44 жаштагы киши 5 жана 6 жаштагы кыздарга автоунаасында ыплас аракеттерди жасаганы аныкталган.

«Ыплас аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул окуя боюнча «ОшТВ» телеканалы жеринен тартылган репортажын жарыялады. Анда жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияга чыгышып, кылмышка шектүүгө оор жаза берүүнү талап кылышты.

«Акчасы бар бала деп да айтып жатышат. Ошондуктан бул акча менен үй камагына чыгып кетпеши керек. Жазасы жеңил болсо эртең дагы бирөөгө кылат. Мындай адамдар коомдо жүрбөшү керек», — деген Кара-Суу районунун тургуну Тариэл Разаков.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт. Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;

Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;

Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;

Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.