Президент Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берүүнү тапшырды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери. Сүрөт: Эмгек министрлиги

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 7-апрелде «Клоопко» Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жалпы 68 ардагер бар. Алардын ар бирине 100 миң сомдон жалпы 6 миллион 868 миң сом бөлүнө турган болду.

Каражат төмөнкү категориядагы ардагерлерге берилет:

  • Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоочу жайларда кармалган туткундарга;
  • Блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогону үчүн» медаль жана «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйлангандарга.

Министрликтен ардагерлерге мындан тышкары жеңиш майрамына карата жыл сайын бир жолу бөлүнчү жөлөкпул дагы кошулуп берилерин белгилешти.

«Бир жолку материалдык жардамды төлөө 2023-жылдын 9-майына чейин банктык эсептерге которуу райондук жана шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт», — деп белгилешти министрликтен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттик фонддон 100 миң сомдон берилет