Ысык-Атада 34 жаштагы киши скотч менен таңылган абалда табылды. Шектүүлөр кармалды

Кармалган шектүулөр. Сүрөт: Чүй ОИИББ

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 34 жаштагы киши колу-буту скотчтолуп, талаада жаткан абалда табылды. Бул тууралуу 8-мартта «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде Ысык-Атага караштуу Алга айылынын тургуну белгисиз бирөө талаада жатканы тууралуу милицияга кабар берген.

Жерине барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери колу-буту, оозу, көзү скотч менен оролгон 34 жаштагы кишини табышкан.

«Ал 3-апрелде саат 20:00 чамасында Бишкекте унаа сатып алабыз деген белгисиз адамдар менен жолуккан. Кардарлар аны өлтүрөбүз деп коркутуп, күч колдонуп, скотчтоп, унаанын документтерин, 50 миң сомун жана iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан. Аны ээн талаага алып барып, бир күн кармашкан. Range Rover үлгүсүндөгү унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен», — деп белгилешти милициядан.

Бул боюнча «Адам урдоо» жана «Карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары үч киши кармалган — бири Балыкчынын 25 жаштагы, калган экөө Бишкектин 29 жаштагы тургундары. Унаа болсо Ош облусунун аймагынан табылган.

Райондук соттун өкүмү менен шектүүлөр камакка алынды. Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кармоо иштери жүрүүдө.