Баткенде айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым тургундар онлайн добуш берүүдө

Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын 14 айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Өлкө тарыхында биринчи жолу пилоттук режимде электрондук добуш берүү режими киргизилип, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр аймактарында добушканага бара албагандар онлайн катышууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссисиясы маалымдады.

Элекрондук добуш берүүгө кѳрсѳтүлгѳн айыл аймактарында туруктуу катталган, бирок шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок жарандар пайдалана алат. Ал үчүн шайлоо өтөрдөн 15 күн мурда электрондук формада добуш берүү жѳнүндѳ арыз берүү керек.

«Электрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн 14 ѳлкѳдѳн баткендиктер арыз беришкен, Баткен районунундагы 3 айылдык кеңеш боюнча шайлоочулардын тизмесине 841 шайлоочу киргизилген, анын ичинде Бишкекте жана Ошто убактылуу жүргөн 400 баткендик бар», — деп жазылат билдирүүдө.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинде 53 шайлоо участкасы ачылган.

«Бардык 14 айылдык кеңеште жана аларда түзүлгѳн 42 округда 254 депутат шайланышы керек. Шайлоого катышуу үчүн 470 талапкер катталган. Жалпы 254 мандаттын ичинен аялдар үчүн 97 мандат резервделген, ага 164 талапкер аял аттанууда», — деп билдирет БШК.

Добуш берүү эртең менен 8:00дө башталган, кечки 20:00дө жыйынтыкталат. 8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.