Бишкекте компьютердик клуб түрүндө иштеген вебкам-студия аныкталды

Бишкек шаарында өзүлөрүн «котормочулар» деп атап, компьютердик клуб катары көрсөткөн вебкам-студия аныкталып, техникалык жабдуулары алынды. Бул туралуу 11-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери студияны 6-апрелде «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында табышты.

«Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн биринчи кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экени аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан вебкам-студиядан жалпысынан 30 компьютер алынганын айтышты. Учурда иликтөө жүрүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, «мекемеде» болжол менен 20-25 жаштагы 7-8 киши иштеген — алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосунда котормочу болгон. Алардын негизги милдети — кардарды «көбүрөөк төлөп берүүгө азгыруу» экени маалымдалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылдын август айында өлкөдө 15 вебкам-студиянын ишмердүүлүгү токтотулганын билдирген. Алардын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90-100 миң долларга жетип, кызмат көрсөткөн кыздарга анын 5-10 пайызын гана бериле турганы маалым болгон.

Автор: Бурулсун Джумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК 15тен ашык вебкам-студиянын бетин ачты