УКМК 15тен ашык вебкам-студиянын бетин ачты

УКМК 3-августта Бишкек шаарындагы 15тен ашык вебкам-студиянын ишин токтотуп, «кылмыштуу кирешени адалдоого» шектүү катары негизги уюштуруучусу П.И. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу 5-августта комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандардын жашаган жерин жана студия катары ижарага алынган батирин тинтүүдө 27 миң доллар табылган. Ал акча кызматкерлерге акы катары жана онлайн түрүндө интимдик кызмат көрсөтүүгө багытталган компьютердик жабдыктарга жумшалмак.

«Вебкам-студиянын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90—100 миң долларга жетип турган. Кызмат көрсөткөн кыздарга анын 5—10 пайызын гана беришкен. Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында бир жумалык акыны бөлүштүрүп жатканда кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалды», — деп жазылат маалыматта.

УКМКдан вебкам-студияны Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары уюштуруп, интернетте онлайн интимдик кызмат көрсөтүү шарты менен жаш кыздарга жогорку маяна сунуштап келгенин билдиришти.

«Соңку жылдары вебкам-индустриясы тездик менен күч алып, жаш муунду жогорку киреше менен өзүнө тартып жатат. Акырында жаш кыздар кылмыштуу ишти уюштургандардын торуна түшүп, чыга албай калып жатат», — деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Тергөө учурунда уюштуруучулар тапкан кирешесин кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар менен адалдап жүргөнү аныкталды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иши жүрүп жатканы айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Буга чейин июль айынын аягында «Азаттык» радиосу «Телеграм» тайпалардагы опузаны иликтеп, чоң каражат айланып турган Кыргызстандагы вебкам-студиялары тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Мээрим менен Ажардын окуясы баяндалган. Басылманын маалыматында мындай студиялардын ээлери жогорку даражалуу аткаминерлер экени белгиленген.

2018-жылы Даниэль Ажиев аттуу жаран батиринде вебкам студия уюштурганы үчүн кармалган. Тасмага тартуулардан кийин ал телефонунда кыздардын иштеп жатканы тартылган видео бар экенин айтып коркуткан.

Вебкам студиянын уюштуруучуларына каршы «Порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анда ал күнөөсүн мойнуна алып, Октябрь райсотунун чечими менен 30 миң сомдук айып пулга жыгылган.

Тема боюнча:

Телеграм каналда кыргыз балдар интернетте сойкулук кылган кыздарды кантип кодулашат?

Даниэль Ажиев деген ким, ал эмне боюнча айыпталууда?