Кемпир-Абад иши: Активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарынын бири, активист Илгиз Шаменов 10-апрелде жеке клиникага жаткырылды. Бул тууралуу «Азаттык» анын адвокаты Бакытбек Автандилге таянып жазды.

Анын айтымында, Жазаларды аткаруу кызматы Шаменовду ооруканага жаткыруу процессин «созуп салган», аны 20 күн мурда эле стационардык дарыланууга жөнөтүшү керек болчу.

«Буга чейин врачтар анын бир катар дартын аныкташкан, ал боюнча аны 20 күн мурда эле дарыланууга жибериш керек болчу. Оорулары күчөп кеткен», — деди адвокат.

Марттын аягында Автандил жеке клиниканын врачтары Шаменовду көрүп, өнөкөт оорулары бар экенин аныкташканын айткан: гастрит. холецистит жана пиелонефрит. Бирок, адвокаттын айтымында, мамлекеттик жана жеке менчик клиниканын анализдери эки башка чыккан.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

Алардын баары суу сактагычтын Өзбекстанга өтүшүн ачык сындашканы камакка алууга негиз болду деп эсептешет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Алар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.