Кемпир-Абад иши: Сот иштин бир нече фигурантын үй камагына чыгарды

Маалымат жаңыртылып турат

Бүгүн 12-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыркы жылдын октябрынан бери ТИЗО-1де отурган Кемпир-Абад ишинин фигуранттарынын баш коргоо чаралары каралууда.

Соттун чечими менен Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жана Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов үй камагына чыгарылды.

Ушундай эле чечим активисттер Улукбек Маматаев менен Таалайбек Мадеминовго карата дагы чыгарылды. Kaktus.Media’нын маалыматына ылайык, активист Чыңгыз Капаров дагы үй камагына чыкты. Сот чечимди анын катышуусусуз чыгарды, себеби Капаров 11-апрелде ооруканага жаткырылган.

Капаровдун адвокаты Бакытбек Автандил «Азаттыкка» активисттин өтүнө операция жасаларын билдирген болчу.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан. Алардын баары суу сактагычтын Өзбекстанга өтүшүн ачык сындашканы камакка алууга негиз болду деп эсептешет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде дагы деле ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөр жарым-жартылай алынып салынган.