Ош ШИИБи синтетикалык наркотик тараткан ири канал жабылганын билдирди

Ош шаардык милициясы 13-апрелде Кыргызстанда синтетикалык наркотик тараткан ири канал жабылганын билдирди. 3 килограммдан ашуун наркотик алынып, шектүү катары 19 жана 20 жаштагы балдар кармалды.

Милициядан кылмышты ачууга 4 ай жумшалганын белгилешти. Маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын 9-январында Ошто синтетикалык наркотик ташып бараткан курьер кармалган. Бул фактынын артынан бүтүндөй бир лабораторияны таап, ири каналды жабууга мүмкүн болду.

«Милиционерлер наркотикалык заттарды таратуунун схемаларын, таратуучулардын жүрүм-турум манераларын үйрөнүп, алардын ишенимине кирүүгө бир топ убакыт кетип, чеберчилик талап кылынды. Натыйжада, бул кылмыштуу топтун наркотикалык заттарды чийки заттан (сырье) тартып, даяр синтетикалык наркотик жасап, таратууга чейинки схемасы толук маалым болгон», — деп жазылат пресс-релизде.

Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы батирлердин биринен синтетикалык наркотикалык заттарды жасоочу лаборатория аныкталган. Ал жерден синтетикалык заттарды жасоочу бардык шаймандар, зергер тараза, синтетикалык наркотикттер жасалуучу чийки заттар, трафареттер, атайын идиш-аяктар жана 3 кг 524 грамм синтетикалык наркотик алынган.

Алынган наркотикалык заттар ар кандай түстө болгон. Муну менен шектүүлөр аларга товардык түс берип, кайсы регионго кандай түстөгү синтетикалык наркозат жиберилгенин көзөмөлгө алып турушкан.

Учурда кылмышка шектелип Бишкектин 19 жана 20 жаштагы тургундары кармалды. Алар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн «Принцесса Дури» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды