Сот 15 жашар кыз менен сексуалдык аракеттерге барган кишини 7 жылга кести

Чүй облустук соту өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге барган кишини күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот отуруму марттын аягында өткөн. 24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, айыпталуучу 15 жаштагы кыздын жашы жете электигин билип, бир жыл бою аны менен жыныстык катнашта болгон.

Биринчи инстанциядагы сот жаранды бошотуп, актаган, бирок айыптоочу тарап бул чечимге каршы болуп Чүй облустук сотуна кайрылган. Жыйынтыгында сот ал кишини жети жылга түзөтүү колониясына кескен.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактылары жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт. Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.