Экономика министри «Аю» мамлекетке компаниянын өз ыктыяры менен өтүп жатканын билдирди

Экономика министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» курган маегинде «Аю» компаниясынын мамлекетке өтүшүнө комментарий берди. Анын айтымында, мамлекет тарабынан рейдерлик болууда деген сөз болгон жок, компания өзү мамлекетке өтүүнү чечкен.


«Биринчиден, бул соттун чечими менен алынган маселе эмес. Бул өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш. Эгер соттун чечими менен барып, кандайдыр манипуляция кылып алса, анда рейдерлик абал болмок. Ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок», — деди Амангелдиев.


Буга чейин президент Садыр Жапаров бийлик «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу конфискацияланганын, алар мамлекеттин карамагына өтөрүн билдирген. Анын айтымында, бул мыйзам чегинде жана «кустуруу» делген нерсенин алкагында болгон. Президент компанияны миллиондогон салыктарды төкпөй, акциздерди жасалмалап, спирт контрабандасы менен кармалган деп дагы айыптаган.

«Аюнун» өзүнөн арызынча ишкананын жайгдайында болуп аткан окуялар боюнча үн катыша элек.

«Аю» компаниясы өлкөдө алкоголдук продукцияларды өндүргөн ири ишканалардын бири. Аны дээрлик 20 жыл мурда экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген.