«Эки жарым жыл эркелеттик». Президент «Аю» компаниясы мамлекетке өткөнүн билдирди

«Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу 14-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкананын мамлекетке өтүшүнө алардын «мурдагыдай эле» миллиондогон салыктарды төкпөй, акциздерди жасалмалап, контрабанда жолу менен наркы 40 миллион сомдон ашык 275 тонна спирт менен кармалганы негиз болду.

«Эки жарым жылдан бери эркелеттик. “Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп, баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады», — деди Жапаров.

Өлкө башчысы соцтүйүндө айрым блогерлер «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болуп, мурдагыдай күпүлдөп иштебей калганына бийликти айыпташууда» деп кошумчалады.

Ошондой эле Жапаров «кустуруудан» мамлекетке жалпы 10 миллиард сомдон ашык киреше түшкөнүн айтып, эки жарым жылдан бери «кимде-ким акча төккөн болсо, бир тыйыны коробой түздөн-түз мамлекеттик казынага түшүп жатат» деп белгиледи.

«"Кустуризация" маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, "кусундулардын" баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт», — деди ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Карга карганын көзүн чукубайт». Аткаминерлер кылмыш жообунан кантип качып кутулат?

Данияр Аманалиев: Коррупцияга каршы күрөшүүнү коррупционерлерди кустуруу менен чаташтырбайлы