Караколдогу зоопаркка ташталган арстандын эки баласы айыгып жатат — «Бугу-Эне» фонду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы зоопаркка ташталган арстандын эки баласы – Аля менен Томастын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу 13-апрелде «Бугу-Эне» коомдук фондунан билдиришти.

Алардын айтымында, бул арстандын күчүгүнө жардам жөнөткөн кайдыгер эмес адамдардын көмөгү менен ишке ашты.

«Силерге абдан ыраазыбыз! Томас менен Аля силердин жардамыңар менен толук дарылануудан өтүп, тамак жеп калды. Томастын жакында эле арткы буттары айыгып, ишенимдүү баса баштады. Мындан улам аны атайын капаска киргиздик. Аля оодарылып, чалкалап жаткандан ырахат ала баштады. Биз дайыма денесин укалап турганга аракет кылабыз», — дешти аталган фонддон.

Арстандардын күчүктөрүн белгисиз бирөөлөр 30-мартта таңкы саат 5:30 чамасында зоопарктын дарбазасына байлап кетишкен. Мекеменин кызматкерлери бала арстандарга Томас жана Аля деген ат коюшкан.

Анда Аляга кальций жетишсиз болуп, акыбалы оор экени, ал эми Томастын арткы буттарында көйгөй бар экени айтылган. Бала арстандар фонддун Бишкектеги реабилитациялык борборуна алынып келинген.

Жаныбарларга кантип жардам берсе болот:

  • Жардамды «Доберман» дүкөнүнө жана «Томас» ветеринардык клиникасына таштап кетсе болот;
  • Optima Bank 4169 6151 8789 2652 картасына акча которсо болот;
  • «Кыргызстан» 4177 4901 5849 5939 картасына акча которсо болот;
  • M-Bank банк «Кыргызстан» +996 553 63 42 38 же ЭЛСОМ KIСB Bank +996 553 63 42 38 электрондук капчыгына акча которсо болот;
  • Optima Bank 1091820239920161 (multicurrency) эсептик счетуBIC/БИК: 109018⠀SWIFT: ENEJKG22Алуучу: «Бугу эне» коомдук фонду
  • Demir Kyrgyz International Bank эсептик счету

1180000087152686-KGS

1180000087152787-USD

1180000087152888-EUR

BIC/БИК-118005

(Head Saltanat Seitova)