Караколдогу зоопаркка белгисиз адамдар арстандын эки баласын таштап кетишти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы зоопаркка белгисиз адамдар арстандын эки баласын таштап кетишти. Бул тууралуу 2-апрелде «Бугу-Эне» коомдук фонду билдирди.

Маалыматка караганда, арстандарды 30-мартта таңкы саат 5:30 чамасында белгисиз бирөөлөр зоопарктын дарбазасына байлап кетишкен. Мекеменин кызматкерлери бала арстандарга Томас жана Аля деген ат коюшту.

«Сыягы, аларды кичинекей кезинде алып келип же бирөөгө белекке беришкен окшойт. Бага албай койгондуктан алып келип ташташса керек. Жаныбарларды туура эмес тамактандырышып, начар багышкан. Күн нуру да жетишсиз болгон», — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүдө Аляга кальций жетишсиз болуп учурда акыбалы оор экени, кыйынчылык менен кыймылдап жатканы айтылат. Ал эми Томас Аляга салыштырмалуу күчтүү болгону менен анын да арткы буттарында көйгөй бар.

«Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова «Клоопко» учурда жаныбарлар аталган фонддун Бишкектеги реабилитациялык борборуна алынып келингенин айтты.

«Арстандардын ден соолуктарында көптөгөн көйгөйлөр бар. Андыктан дароо жакшы болуп кетиши мүмкүн эмес. Азырынча бул жаныбарлар кимдин карамагында калары белгисиз. Элден, коомчулуктан түшкөн каражат менен багылып турат», — деди Сеитова.

Аталган фонд 2021-жылдын 30-июлда катуу жааган жаандан улам зоопаркты оңдоп-түзөөгө дуушар экенин айтып, жаныбарларды сактап калууга жардам бергиси келген жарандарга кайрылган.

Мындан тышкары фонд бир нече ирет ооруп жаткан жаныбарларды дарылоо үчүн коомчулуктан жардам сурап келери белгилүү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бугу-Эне» фонду Каракол зоопаркындагы сүлөөсүндү дарылоого жардам сурайт

Караколдогу зоопарктын жаныбарлары ачка калышы мүмкүн