Ош облусунун башчылыгына Элчибек Жантаев дайындалды

Элчибек Жантаев

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматынан алынып, ордуна Элчибек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу 14-апрелде облустук башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусунун активине тааныштырды.

50 жаштагы Элчибек Жантаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган. Эмгек жолун айыл өкмөттө статист-экономист кызматынан баштаган.

Эмгек жолун кичи мекени Ак-Чий айылдык кеңешинде экономист катары иштеп баштаган. 2018-2020-жылдары Түп райондук администрациясынын башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми 2020-жылдын ноябрында отставкага кеткен Балбак Түлөбаевдин ордуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

2021-жылы май айынан тарта Айыл чарба, суу жана токой чарба министрлигинин аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору болуп эмгектенип, ноябрь айынан баштап Мамкызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигин жетектеп келген.

Жантаев — «Ак-Суу Арашан» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири.

Жамалдиновдун кызматтан алынышы

Үстүбүздөгү жылы 14-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, анын биринчи орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да кызматынан алынганы белгилүү болгон.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Жусупбек Коргонбай уулу баштаган бир катар депутаттар Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жер тилкелерин «агасынын атына мыйзамсыз каттатып алган» деп айтып чыгышкан.

Ал эми Жамалдинов муну «жалаа» деп атап, баары тиешелүү органдар териштирүү жүргүзгөндөн кийин аныкталат деп билдирген.

Кийинчерээк 3-апрелде соцтармактарда Жамалдинов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Султанбек Жунусовдун сүйлөшүүсү жазылган аудио тарап, анда облус башчысы айыл өкмөт жетекчисинен «өндүрүш багытындагы жерди турак жай багытына өзгөртүп берүүнү сураган». Облустук администрация аудиодо Жамалдинов сүйлөгөнүн тастыктап, бирок аны «атайын уюштурулган» деп атаган.

Ал эми журналисттер аталган 5 гектар жер облус башчысынын тууганына катталганын жазып чыгышкандан кийин облустук администрация жер тилке учурда жеке тарап Мамадалиев Нуржигит Бердали уулу аттуу жаранга тиешелүү экенин маалымдашкан.

Кийинчерээк, 13-апрелде соцтармактарда облус башчысынын биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун иш бөлмөсүндө бир нече адамдан конверт алып жана берип жаткан видеосу тараган. Жаныкулов аталган видеону ырастап, бирок коррупциялык иш-чара болбогонун билдирген. Ал тасманы таратууга Жамалдиновду күнөөлөгөн.

Аталган ишти 14-апрелде Башкы прокуратура текшере баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин Оштогу өкүлү Жамалдинов жана анын орун басары кызматтан алынды

Депутат Коргонбой уулу Ош облусунун башчысы жерлерди агасына мыйзамсыз каттатканын айтып чыкты

Журналисттер облус башчысы трансформациялоого аракет кылган тилке анын тууганына таандык экенин аныкташты