Кайгуул милициясы: Үч айда жол эрежесин бузган айдоочулар 119 млн сомдон ашык айыпка жыгылды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы быйыл үч айдын ичинде жол эрежесин бузган айдоочулардан 119 миллион 276 миң сом өндүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө үч айда 234 миң 303 айдоочу жол эрежесин бузган. Анын ичинде тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар — 3312, мас абалында унаа айдагандар — 3285, ылдамдыкты ашырып айдагандар — 29 912, коопсуздук курун тагынбагандар — 72 159, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар — 905, мамлекеттик номери жоктор — 101, автоээнбаштык кылгандар – 91, жол белгилерин сактабагандар — 88 544, каршы тилкеге чыккандар — 5384, ар кандай жол эрежесин бузгандар — 30 610 айдоочу.

Жол эрежесин бузганы үчүн жалпы 17 390 айдоочунун унаасы убактылуу айып короого токтотулду.

Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта жол эрежесин сактабаган айдоочуларга айып пулдун көлөмү бир нече эсеге көбөйгөн.

Ал эми мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыла турган болгон. Эгер мас абалда болуп, айдоочулук күбөлүгү жок болсо, үч суткага чейин камакка алынары айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул 15 миң сомго чейин көтөрүлдү