Ош: Навои паркынын жанындагы жашыл зона реконструкцияланат

Сүрөт: Ош мэриясы

Оштогу Алишер Навои атындагы сейил бактын жанындагы жашыл зона оңдолот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакка тротуарларды, оргумалар, балдар аянтчаларын жана амфитеатр сыяктуу бир топ объекттерди куруу пландалган. Ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Долбоор АРИСтин программасынын алкагында ишке ашырылат.

Учурда бул тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо иштери аяктап, тендер өткөрүлгөндөн кийин курулуш иштери июнь айында башталары айтылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов эс алуу багы 23 млн сомго оңдолот