Ош: «Боорукердик» үй-интернатынын жетекчиси Айгүл Калматовага сөгүш берилди

Айгүл Калматова. Сүрөт: Ош Пирим

Ош шаардык мэриясы тарабынан «Боорукердик» карылар жана балдар үйүнүн жетекчиси Айгүл Калматовага келип түшкөн арыздардын негизинде сөгүш берилди. Бул тууралуу 18-апрелде «Клоопко» мэриядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Боорукердик» үй-интернатынын күзөтчүлөрү жетекчинин үстүнөн арызданган. Анын негизинде шаар бийлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия материалдарды карап чыгып, ишти Ош шаардык прокуратурага өткөрүп берген.

Ал эми прокуратура Ош шаардык мэриясына тартиптик чара колдонуу сунушун киргизген.

«Анын негизинде Ош шаардык “Боорукердик” үй-интернатынын жетекчиси Айгүл Калматовага Ош шаарынын мэриясы тарабынан сөгүш тартиптик жазасы берилген. Бирок үй-интернатынын жетекчиси прокуратуранын чечимине макул эмес экенин билдирип, сотко кайрылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Калматова Turmush басылмасына комментарий берип, «мэриянын берген сөгүшүнө карата эмес, Ош шаардык прокуратурасынын чечимин жокко чыгаруу боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын» айтты.

Буга чейин «Боорукердик» карылар жана балдар үйүнүн мурдагы күзөтчүсү жетекчи азык-түлүктөрдү үйүнө ташып, негизсиз түрдө жумуштан чыгарганына даттанган.

Күзөтчүлөрдүн бири жетекчи келген соң кызматкерлерге «кысым көрсөтүү менен кызматтан алып, алардын ордуна тууганын жана тааныштарын коё баштаганын» айткан.

Ал эми интернаттын жетекчиси дооматтарды четке кагып, күзөтчүнү балдарга зомбулук көрсөткөнүнө байланыштуу кетиргенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштогу «Боорукердик» үй-интернатындагы жаңжалды прокуратура териштире баштады