Ош: «Мирзалим» самсаканасы оңдоп-түзөөдөн кийин кайра иштей баштады

Оштогу «Мирзалим» самсаканасы кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу 18-апрелде Кара-Суу санэпидемиологиялык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган самсаканага 23 миң сом айып салынып, ээсине аны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жүктөлгөн. «Иш толук аткарылганына» байланыштуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилгени айтылды.

9-апрелде блогер Улукбек Карыбек уулу аталган самсанакада санитардык нормалар бузулганы тууралуу видео жарыялаган. Анда самса даярдалуучу фарштын ичине губка коюлганы белгилүү болуп, кызуу талкууга алынган.

Видео чыккандан кийин, 11-апрелде, «Мирзалим» оңдоп-түзөө үчүн жабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Губка даамданган самса». Оштогу «Мирзалим» кафеси блогердин видеосунан кийин оңдоп-түзөө үчүн жабылды