Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратуу айыбы боюнча күнөөлүү деп табылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулун экстремисттик материалдарды таратуу айыбы боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот аны үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, бирок бир жылдык пробациялык көзөмөл мөөнөтүн дайындоо менен жазадан бошотту.

Журналист өзү 24.kg сайтына чечимди жогору турган инстанцияда даттанар-даттанбасын азырынча билбесин айтты.

2022-жылдын февралында Семетей Талас уулун УКМКда сурак берген. Анда атайын кызматтан журналист экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатканын билдиришкен.

Талас уулу сурактан кийин журналисттерге Фейсбук барагындагы дин темасындагы постторунун бирине байланыштуу күбө катары чакырылганын айткан.

Ал эми 1-ноябрда журналист УКМК тарабынан кармалган. Анда Талас уулу экстремисттик материалдарды таратуу иши боюнча кармалганы айтылган. 3-ноябрда үй камагына чыгарылган.

Семетей Талас уулу криминал жана коррупция темаларында жазган эркин журналист катары белгилүү.